Украинада жекшембидеги өкмөтчүл жана орусиячыл күчтөрдүн масштабдуу демонстрацияларынан кийин бүгүн да толкундоолор болот деп күтүлүүдө. Донецктеги орусиячыл демонстранттар регионалдык өкмөттүн имаратын ээлеп алып, украин желегинин ордуна орус байрагын илип коюшту. Буга каршы демонстрацияны алдыдагы президенттик шайлоого талапкер Виталий Кличко жетектемек, бирок кагылыштар болуп кетиши мүмкүн деп, аны өткөрбөй калышты.
Донецкке жакын Лугансктагы обладминистрациянын имаратын басып алып, губернатордун отставкага кетишин да талап кылышты. Крым автономиясынын борбору Симферополдо Орусияга кошулууну жактагандардын жүрүшүнө бир нече миң киши келсе, ага каршы митингге 500дөй адам чогулду.