Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:16

Шамбесай кенине каршы чыккандар тарап кетти


Кен иштетүүгө каршылыгын билдирип, бүгүн Кадамжайда митингге чыккан адамдардын бир тобу Кызыл-Кыя шаарына келип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө талаптарын айткан соң тарап кетишти. Бул тууралуу “Азаттыкка” митингчилердин бири Жээнгүл Ганиева билдирди. Акция учурунда милиция тараптан аларга карата күч колдонуу аракеттери болгон жок.

Австралиялык "Z-Эксплорер" компаниясы иштетүүгө уруксат алган Шамбесай алтын кенине каршылыгын билдирген жергиликтүү эл 9-мартта да пикетке чыккан. Митингчилер эгер кен иштетилсе, аны иштетүүдөн пайда болгон уулуу заттар Исфайрам дарыясына куюлат, андан 345 миң адам суу ичет деп белгилешүүдө.
Компанияга каршы акциялар өткөн жылдан бери уланып келет.

"Z-Эксплорер" ишканасынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн кызматкери Жылдыз Акматова “Азаттыкка” билдиргендей, компания кен изилдөө үчүн экологиялык мыйзамдардын бардык талаптарына толугу менен жооп берээрин, бул боюнча бардык текшерүүлөр жүргүзүлгөнүн билдирди.

Аталган ишкананын өкүлдөрү 2011-жылдан бери Кадамжай районундагы социалдык жумуштарга 8 миллион сомго жакын инвестиция, тоо-кен тармагына 15 миллион АКШ долларын жумшаганын айтып келет.(SE)

XS
SM
MD
LG