Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:09

Ошто ар улуттун жаштарын бириктерген долбоор башталды


Ошто жаштарды улуттар аралык жана диний касташуудан оолактатуу долбоору иштей баштады. «Этникалык теӊдикти жарандык активдүүлүк аркылуу турмушка ашыруу» деп аталган долбоорду Youth of Osh коомдук бирикмеси ишке ашырууда.

Уюмдун жетекчиси Акмарал Сатинбаева “Азаттыкка” билдиргендей, долбоордо Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы өнөрлүү жаштарды колдоо жагы каралган. Тагыраак айтканда, ар улуттун жаштары өздөрү кызыккан тармактарга жараша биригишмекчи.

Аталган долбоор эки жылга созулат. Каржылык көмөктү Евробиримдик жана Германиянын DVV international уюму көрсөткөн. (YI)

XS
SM
MD
LG