Москванын Басман райондук соту террорчулукка үндөдү деп айыпталып жаткан украиналык "Оң сектор" уюмунун лидери Дмитрий Ярошту кармоого санкция берди.
Ага чейин Орусиянын Тергөө комитети Ярошко карата кылмыш иш козгоп, аны "маалымат каражаттары аркылуу террорчулукка үндөдү" деп айыптаган болчу. Буга "Оң сектордун" в "ВКонтакте" социалдык тармагында жарыялаган билдирүүсү себеп болгон. Ярош Түндүк Кавказ согушкерлеринин лидери деп эсептелген Доку Умаровго кайрылып, Украинаны колдоого чакырган. Ага эл аралык издөө жарыяланган. (RK)