Ооганстандык 63 жаштагы Абдилмиталип Сиражидин президент Алмазбек Атамбаевге жолугуу максатында үч айдан бери Кыргызстанда жүрөт. Ал Улуу Памирдеги кыргыздарга жарандык берүү өтүнүчүн өлкө башчыга айтканы келген. Бул тууралуу Абдилмиталип Сиражидин өзү “Азаттыкка” билдирди.
Оогандык аксакал Нарын, Ош жана Чүй облустарында ар кимдин үйүндө жашап жүрөт. Айрым жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолукканын да айтты. Оогандык кыргыздарга жарандык берүү маселесин президент менен сүйлөшмөйүнчө Кыргызстандан кетпей турганын билдирди. Азырынча мамлекет башчы менен жолугууга мүмкүн болбой жатат. Туулган жеринде аны жүздөгөн мекендеши үмүт менен күтүп турганын айтат.
Ооганстандын Улуу Памир аймагында үч миңдей кыргыз бар экени айтылат. (SE\SA)