Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:02

Баткенде буулган жол ачылды


Баткендин Ак-Сай айылынын тургундары тарабынан буулган Ворух анклавына кеткен жол түнкү саат он экиден өткөндө ачылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук Ички иштер башкармалыгынын башчысы Анарбай Алимбаев билдирди. Маалыматты жергиликтүү тургундар да тастыктады.

Бейшемби күнү кечке жуук Ак-Сайдын ички жолун оңдоп-түзөө үчүн келген техниканы тажик чек арачылары айылга киргизбей койгонуна байланыштуу аксайлыктар Тажикстандын Ворух эксклавына өтө турган жолду бууп салган болчу. Натыйжада эки тараптан 200дөй киши чогулуп, абал чыңала баштаган.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Бакир Жолчиев Ак-Сайга барып, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн соң тажик жарандары жол куруучу унааны Ак-Сайга өткөргөн. Ошондон кийин гана топтолгондор тарап кеткен.

Жергиликтүү элдин айтымында, Ворухка кеткен жол буулгандан кийин тажик жарандары да Ош - Исфара жолундагы Жака-Өрүк участогундагы жолду торогонго аракет кылышты. Азыр аймакта абал тынч. (SE\JsA)

XS
SM
MD
LG