Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:38

Чек ара кызматы: Баткенде абал тынч


Баткендеги кыргыз-тажик чек ара тилкесинде абал туруктуу. Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлоодо. Ворух - Исфара жолу унаа кыймылы үчүн ачык турат.

13-мартта Ак-Сайдын ички жолун оңдоп-түзөө үчүн келген техниканы тажик чек арачылары айылга киргизбей койгонуна байланыштуу аксайлыктар Тажикстандын Ворух эксклавына өтө турган жолду бууп салган болчу. Натыйжада эки тараптан 200дөй киши чогулуп, абал чыңала баштаган.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Бакир Жолчиев Ак-Сайга барып, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн соң тажик жарандары жол куруучу унааны Ак-Сайга өткөргөн. Ошондон кийин гана топтолгондор тарап кеткен.

Жергиликтүү элдин айтымында, Ворухка кеткен жол буулгандан кийин тажик жарандары да Ош - Исфана жолундагы Жака-Өрүк участогундагы жолду торогонго аракет кылган. (RK)

XS
SM
MD
LG