Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:13

Чет жакта мүлкү бар аткаминерлер боюнча чектөө сунушталууда


Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков мамлекеттик жогорку кызматкерлерге, алардын жакындарына чет өлкөдө акча эсебин ачууга жана кыймылсыз мүлк сатып алууга тыюу салган мыйзам долбоорун сунуштоодо. Исаковдун айтымында, мыйзам улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жана коррупцияга каршы күрөшүүгө багытталган. Мындан сырткары чиновниктердин башка өлкөлөрдөн көз каранды болуусуна бөгөт коёт.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорго ылайык, саясий жана атайын мамлекеттик кызматты ээлеген адамдарга чет мамлекеттен акча эсебин ачууга, акча каражаттарын сактоого, баалуу кагаз, облигацияга ээ болууга тыюу салынат. Муну менен катар чет мамлекетте кыймылсыз мүлккө ээ болууга да уруксат берилбейт. Бул мамлекеттик жогорку кызматкерлер менен депутаттарга, алардын жубайы жана 16га чыга элек балдарына да тиешелүү. (KE)

XS
SM
MD
LG