Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:00

Орусия БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясына вето койду


Сунушталган резолюция эртең Крымда өтө турган референдумду “мыйзамдуу күчкө ээ эмес” деп таанымак. Анын долбоорун АКШ сунуштаган. Бирок бүгүн кеңештин жыйынында Орусия ага вето койду. Кытай “калыс” пикирде калды. Кеңештеги калган 13 мүчө резолюцияны колдоду. Орусиянын Улуттар Уюмундагы элчиси Виталий Чуркин бүгүнкү добуш берүүнүн алдында “эч кандай күтүүсүз нерсе болбой турганын” айткан.

Эртең Украинанын Крым автономиялуу республикасында “Орусияга кошулуу” маселеси боюнча референдум өтөөрү күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG