Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат борборунан билдиришти. Маалыматка караганда, Чыныбай Турсунбеков баштаган КСДП фракциясынын депутаттары Кемин районун кыдыруу учурунда Орловка айылынын тургундары тарабынан кайрылуу алышкан. Алар Талды-Булак кенинде курула баштаган комбинаттын уулуу саркындысын көмө турган жай булак суусунан алыс эмес жерге жайгаштырылышына нааразы болууда. Жергиликтүү эл комбинаттын курулушу Кыргызстандын бир катар экологиялык мыйзамдарын бузуп жатканын да белгилешүүдө.
Чыныбай Турсунбеков бул маселе парламенттин жакынкы жыйынында талкууга алынаарын билдирип: “Биз Кыргызстандын мыйзамдарын сыйлабаган инвесторлор менен кызматташа албайбыз”, - деп айтты.
Өз кезегинде Талды-Булактагы кенди иштетип баштаган «Алтынкен» ишканасынын өкүлү акырындап буга чейинки коюлган катачылыктарды жоёорун билдирди.
Учурда комбинаттын 48% курулуп бүткөн. Комбинаттын курулуш долбоорунун жалпы суммасы 250 миллион АКШ доллары болсо учурда анын 106 миллиону жумшалган. Курулуш иштери ушул жылдын июнь айына, ал эми ачылуу иш-чарасы күзгө пландаштырылган.
Алдын-ала иликтөөлөргө караганда, Талды –Булакта 78 тонна алтын жана 5 тонна күмүштүн запасы бар. (SA)