Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:49

Киев Орусия менен убактылуу "жарашуу" келишимине жетишти

Игорь Тенюх
Игорь Тенюх
Украинанын коргоо министринин милдетин аткаруучу Игорь Тенюх Орусия 21-мартка чейин “жарашууга макул болгонун” кабарлады. Киевде сүйлөгөн сөзүндө Тенюх элдешүү тууралуу келишим бүгүн Орусиянын коргоо министрлиги жана Кара деңиз аскерий флоту менен жетишилгенин айтты.

28-февралда Кремль өзүнүн аскерлерин Крымга жайгаштыргандан бери алар украин аскерлерин автономияга киргизбей турушкан. “Кабыл алынган келишимге ылайык, Орусия 21-мартка чейин биздин Крымдагы аскерий объектилерибизге каршы эч кандай аскерий чара көрбөй турганга убада берет», - деди Тенюх. Украин министри билдиргендей, ушул тапта региондогу украин аскерий жайлары өздөрүнүн резервдерин толуктап жатат.
XS
SM
MD
LG