Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:38

Атамбаев Аксы окуясынын курмандыктарын эскерди


Президент Алмазбек Атамбаев 2002-жылы Аксы окуясында курман болгондорду эскерип, Ак үйдүн жанына орнотулган монументке гүлчамбар койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы кабарлады.

Бүгүн Бишкекте Аксы окуясынын 12 жылдыгына карата эскерүү иш-чаралары өтүп жатат. Мамлекеттик тарых музейинде окуяга байланышкан илимий-практикалык конференция болууда.

2002-жылдын 17-мартында Жалал-Абаддын Аксы районунда тынчтык митингинин катышуучуларына каршы ок атылып, 6 киши каза тапкан. Митинг Азимбек Бекназаровду абактан бошотуу жана Үзөңгү-Куушту Кытайга берүүгө каршылык билдирүү максатында өткөрүлгөн болчу.

Апрель окуясынан кийин Ак үйдүн жанына орнотулган монументте "Элдин эркиндиги үчүн 2002-жылы Аксы, 2010-жылдын апрель окуясында курман болгондордун жаркын элесине" деген жазуу түшүрүлгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG