Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Апрель, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:44

Боспиекте Аксы курмандыктары эскерилди

Аксы окуясына коюлган эстеликтин жанында 2002-жылдын 17-март күнү болгон кандуу окуя эскерилип, анын курмандыктарына куран окулду. Эскерүү иш-чарасына ошондогу окуянын катышуучулары, набыт болгондордун туугандары жана жараат алгандар болуп 150дөй адам катышты. Кабарчыбыздын айтымында, вице-премьер Тайырбек Сарпашев жана өкмөттүн облустагы өкүлү Жусупжан Жээнбеков да келип катышты.

Кыргыз өкмөтү эскерүүнү өткөрүүгө 100 миң сом каражат бөлгөнүн район акими Медет Айдаралиев билдирди. Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине жана ошондогу депутат Азимбек Бекназаровдун камалышына каршы чыккан Аксы окуясында алты адам курман болгон. (YA)
XS
SM
MD
LG