Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов бүгүн билдирди. Анын айтымында, 18-мартта кечинде Бишкек - Ош жолунун 423-чакырымына түшкөн таш көчкү тазаланып, жеңил автоунаалардын бирден өтүүсүнө мүмкүнчүлүк берилди. Ал эми оор жүк ташуучу машиналарга уруксат бериле элек. Анткени дагы көчкү жүрүү коркунучу бар. (AiT)