Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:28

Крымдын Орусияга кошулганы боюнча келишимге кол коюлду


Орусиянын президенти Владимир Путин жана Крымдын лидерлери Крым жана Севастополдун Орусия Федерациясына кошулганы боюнча келишимге шейшемби күнү кол коюшту. Бул аземдин алдында орус парламентинин биргелешкен жыйынында сөз сүйлөгөн Путин Крымды Орусиянын “айрылгыс” бөлүгү катары атады:

- Бизде бүгүн өтө кубанычтуу жана жаркын майрам күн. Урматтуу Орусиянын жарандары, кымбаттуу крымдыктар, севастополдуктар көп мезгилдик кыйынчылыктар менен коштолгон сүзүүдөн кийин Крым жана Севастопол өзүнүн жээгине кайра келди. Туруктуу мекени Орусияга кайрылды.

Владимир Путин Крымда референдум мыйзам чегинде өткөнүн, Орусия Украинаны бөлүп-жарууну каалабаганын, бирок ал жактагы орус тилдүү калкты ар дайым коргоого аларын белгиледи. Крымдагы Орусиянын аракетин коргогон Путин Батыш “кансыз согуш” мезгилине кайтып, Украинада “кызыл сызыктан” өтүп кетти деп сынга алды. (AiT)

XS
SM
MD
LG