Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:54

Феликс Кулов коалиция тараганын расмий жарыялады


Жогорку Кеңештеги «Ырыс алды – ынтымак» коалициясынын башчысы Феликс Кулов коалициянын тараганын бүгүн расмий жарыялады.

Парламенттеги «Ата Мекен» фракциясы шейшембиде башкаруучу коалициядан чыгуу жөнүндө чечим кабыл алгандыгына байланыштуу Феликс Кулов президент Алмазбек Атамбаевдин жана Жогорку Кеңешинин төрагасы Асылбек Жээнбековдун дарегине кат жөнөттү.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, катта «Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө» мыйзамдын 14-беренесинин 8-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, «Ырыс алды – ынтымак» коалициясынын таркатылгандыгы жөнүндө расмий билдирем», - деп айтылат.

“Атамекенчилердин” чечими тууралуу партия лидери Өмүрбек Текебаев да президентке маалымдаган. (SE)

XS
SM
MD
LG