Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн өзүнүн жарлыгы менен өкмөттү отставкага кетирди. Ага президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев парламенттеги башкаруучу коалиция тараганы тууралуу маалымат берди. Нарымбаев президентке «Ырыс алды - ынтымак» коалициясынын башчысы Феликс Куловдун "Ата Мекен" фракциясынын чечиминен кийин парламенттик көпчүлүк тараганы тууралуу расмий катын тапшырды. Жаңы өкмөт келгенче азыркы премьер-министр, анын орун басарлары жана өкмөт мүчөлөрү буга чейинки милдеттерин аткарып турат.
КСДП, «Ар-Намыс» жана «Ата Мекен» фракцияларынан турган коалиция 2012-жылдын 3-сентябрында түзүлгөн болчу. (RK)
КСДП, «Ар-Намыс» жана «Ата Мекен» фракцияларынан турган коалиция 2012-жылдын 3-сентябрында түзүлгөн болчу. (RK)