Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:45

Орусия Крымды кошуп алгандан кийин жарым аралда абал курчуду


Украин офицери штабдан куралчан адамдардын коштоосунда чыгып баратат, Севастополь, 19-март, 2014
Украин офицери штабдан куралчан адамдардын коштоосунда чыгып баратат, Севастополь, 19-март, 2014
Бүгүн Крымдагы айтылуу “өздүк коргонуу күчтөрү” менен орусиячыл адамдар Украинанын Севастополдогу деңиз-аскер күчтөрүнүн штабына кирип барышты. Кагылыштар же атышуу болгон жок. Кийинчерээк украин аскерлери базадан чыгып кеткени айтылды. Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк азыр коргоо министри менен биринчи-вице-премьерди “кризисти жөнгө салыш үчүн” Крымга жөнөктөнүн кабарлады. Бирок Крымдын лидери Сергей Аксенов аларды киргизбей турганын билдирүүдө.

Ал арада Орусиянын конституциялык соту Крымды Орусиянын бир бөлүгү катары кошуп алуу боюнча келишим өлкөнүн Баш мыйзамына ылайык келээрин ырастады. Крымда өткөн талаштуу референдумдан кийин кечээ аталган келишимге орус президенти Владимир Путин менен Крымдын орусиячыл жаңы лидерлери кол коюшкан. Киевдеги жетекчилик менен Батыш өлкөлөрү референдумду тааныбай турганын, региондун Орусияга кошулушун “жер басып алуу” деп баалай турганын айтышкан.

XS
SM
MD
LG