Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:20

Түркияда терроризмге шектүү үч адам кармалды


Террорчулукка шектүү эки албаниялык жана бир косоволук адам кармалды. Бул тууралуу түрк расмийлери билдирди. Кармалгандар кечээ Улукисла шаарындагы үч адамдын жанын кыйган жардырууга байланышы бар деген шек менен камакка алынды. Премьер-министрдин орун басары Бешир Аталай чабуулчуларды Сирия менен байланышы бар деп айыптады. Түркиянын Hurriyet гезити тергөөчүлөр шектүүлөрдүн Ирак жана Левант ислам мамлекети уюму менен байланышын иликтөөдө. Полиция аталган үч адамдан граната, үч Калашников автоматтарын жана башка куралдарды табышкан. Кармалгандардын эң кичүүсү 18 жашта, эң улуусу 23тө.

XS
SM
MD
LG