Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:24

Крымдын 32 тургуну Польшадан башпаанек сурады


Крымдын 32 тургуну, анын ичинде жети үй-бүлө балдары менен Украина-Польша чек арасынан өтүп, поляктардан башпаанек сурады. “Азаттыктын” орус кызматынын кабарчысы билдиргендей, качкындар украиналык аскерлерге жардам берди деген негизде орусиячыл бийликтер аларды коркуткандан кийин үй-жайын таштап кетишкен.

Польшанын чек ара кызматынын майору Элжбет Пикор украиналык маалымат каражаттары жазгандай, качкындардын арасында татарлар жоктугун айтты.

Азыр крымдыктар Польшадагы качкындар лагерине жиберилди. Жума күнү Польшанын премьер-министри Дональд Туск аймактардагы бийликтердин өкүлдөрү менен жолугушууда Украинадан качкындар өтө турган болсо, аларды кабыл алууга даяр турууну тапшырды.

Расмий маалыматтар боюнча, соңку эки жарым айда 147 украиналык жаран Польшага башпаанек сурап кайрылды. Бул мурунку жылга караганда эки эсе көп көрсөткүч.

XS
SM
MD
LG