Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:24

Багдадда "Эркин Ирак" радиосунун бюро башчысы өлтүрүлдү


"Эркин Ирак" радиосунун бюро башчысы Мохаммед Бдаиви Оваидди.
"Эркин Ирак" радиосунун бюро башчысы Мохаммед Бдаиви Оваидди.
Ирактын баш калаасы Багдад шаарында "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Ирак кызматы - "Эркин Ирак" радиосунун бюро башчысы Мохаммед Бдаиви Оваидини өлкө президентинин күзөтчүсү атып өлтүрдү. Күбөлөрдүн айтымында, журналист күзөтүлгөн дарбазадан өтүп баратканда күрд улутундагы президенттин кароол кызматкери менен машинесине салып бараткан адамдын таламын талашып, кер-мур айтышкан. Офицер Оваидиге ок чыгаргандан кийин качып кеткен. Премьер-министр Нури ал-Малики адам өлтүрүүгө тиешеси барларды сот жообуна тартууга чакырды.

46 жаштагы маркумдун артында жесири үч баласы менен калды. Обого Хасан Рашид деген ат менен чыккан журналист “Эркин Ирак” радиосу менен 2004-жылдан бери кызматташып келген. Багдаддагы Ал-Мустансирия университетинде журналистика боюнча доцент болуп эмгектенген.

XS
SM
MD
LG