Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:39

Белбектеги Украинанын базасын орус аскерлери басып алды


Севастополь шаарына чукул Белбектеги аскер-аба күчтөрүнүн базасына орустар чабуул коюп, анын командирин кармап кетишти. Reuters агенттиги базага орус армиясынын танктары курал-жарак менен киргенден кийин командирди сүйлөшүүгө алып кетишкенин кабарлайт.

Украиналык полковник Юлий Мамчур чабуул маалында бир украин аскер кызматкери жараат алганын билдирет. Белбектеги база украин өкмөтүнүн көзөмөлүндөгү акыркы аскерий жай эле. Командир сүйлөшүүлөрдөн кийин аман-эсен кайтабы деген суроого "Аны көрө жатарбыз. Азыр базадагы болгон курал-жабдыкты жыйып атабыз” – деп жооп берди полковник.

XS
SM
MD
LG