Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:04

Украина уурдалган полковникти бошотууну талап кылды


Украинанын убактылуу президенти Олександр Турчинов.
Украинанын убактылуу президенти Олександр Турчинов.
Убактылуу президент Олександр Турчинов ишембиде Крымдагы Белбек аба базасын орус армиясы ээлеп алгандан кийин жоголгон полковник Юлий Мамчурду тезинен бошотууну талап кылды.

«Крымда жайгашкан Орусиянын оккупациячыл контингенти чагымдарды уюштуруп, украиналык жарандар менен аскерлерди уурдоону улантууда”, - деп билдирди президенттин маалымат кызматы УНИАН агенттигине.

Украинанын коргоо министрлигинин Крымдагы медициналык борборунун башчысы Владислав Селезнев Мамчурду Белбектеги базаны орус армиясы ээлеп алганда аскер кийимчен белгисиз бирөөлөр менен сүйлөшүп турганда көргөнүнү айтты. Селезнев ишемби күнү Крымдын өзүн-өзү коргоо күчтөрүнүн катышуусу менен орусиялык атайын бөлүк Украинанын аскер-деңиз флотунун "Славутич" кораблин дагы ээлеп алганын тастыктады.

Чет элдик агенттиктердин маалыматы боюнча, Крымдагы көпчүлүк аскерий жайлар орусиялык күчтөрдүн көзөмөлүнө өттү.

Президент Владимир Путин жума күнү Крым менен Севастополду Орусия Федерациясына кошуу жөнүндө бир катар документтерге кол койгон.

XS
SM
MD
LG