Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:52

2005-жылдын Март окуясына тогуз жыл толду


Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаевдин бийликтен кулатылганына тогуз жыл толду.

2005-жылдын март айында бийликке каршы элдик толкундоолор Жалал-Абад шаарында башталып, өлкөнүн бүт аймагына жайылган.

Аскар Акаевдин башкаруусуна нааразы болгон миңдеген демонстранттар 24-мартта Ак үйгө кирип барган. Натыйжада президент үй-бүлөсү менен Кыргызстандан качып чыгууга аргасыз болгон.

Ошол жылы мамлекет башчылыкка Курманбек Бакиев шайланып, 24-март - “Элдик ыңкылап күнү” деген аталышта жылнаамада кызыл менен белгиленген.

Бакиевдин бийлиги кулатылган соң, 2012-жылдын июль айында ал күн майрамдардын катарынан алынып салынган. (SE)

XS
SM
MD
LG