Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Турсунбеков: Коалиция түзүүнүн эки варианты каралууда


Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков “Азаттыкка” маегинде билдирди. Анын айтымында, акыркы күндөрү коалицияны түзүү боюнча фракциялар менен сүйлөшүүлөр өттү. Жыйынтыгында коалицияны үч же төрт фракциядан түзүү боюнча варианттар каралууда. Кайсы фракциялар боюнча кеп болуп жатканын Турсунбеков тактаган жок. Ал кошумчалагандай, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы жакынкы күндөрдү белгилүү болмокчу.

Жаңы коалиция куроо мандатын президент 20-март күнү КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековго тапшырган. Коалиция жаңы өкмөттүн курамын 11-апрелден кечиктербей бекитиши кажет.

Жогорку Кеңештеги “Ырыс алды - ынтымак” коалициясы 18-мартта таркаган. Ага “Ата-Мекен” фракциясынын башкаруучу коалициядан чыккандыгы себеп болгон.

XS
SM
MD
LG