Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:37

Бишкекте футбол боюнча "Супер-кубок" үчүн таймаш башталууда


Бүгүн Бишкек шаарындагы "Дордой" стадионунда футбол боюнча Кыргызстандын "Супер кубок - 2014" таймашы өтөт. Бул тууралуу“Азаттыкка” өлкөнүн Футбол федерациясынын башкы катчысы Дастан Конокбаев билдирди.

“Супер кубок” үчүн таймашка футболдон былтыркы өлкө чемпиону Ош шаарынын «Алай» клубу менен Кыргызстандын 8 жолку чемпиону Бишкектин «Дордой» командасы чыгууда.

Оюн түштөн кийин саат үчтө башталат. Мелдешке Дмитрий Машенцевдин жетекчилиги астындагы калыстар тобу калыстык кылат. "Супер кубок" мелдеши 2011-жылдан бери өткөрүлүп, Кочкор-Ата шаарынын “Нефтчи” командасы алгачкы жеңүүчү аталган. Кийинки эки жылдан бери бул турнирде баш байгени Бишкектин “Дордой” клубу утуп алган. (КМа)

XS
SM
MD
LG