Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:01

Орус аскерлери Феодосия базасына чабуул койду


Дүйшөмбүдө орус аскерлери граната жана автомат менен Феодосиядагы украин деңиз күчтөрүнүн базасына чабуул жасады. Эч ким жараат алган жок. Аталган база Крымдагы украин күч түзүмдөрүнүн акыркыларынан болчу. Украин армиясынын Крымдагы басма сөз катчысы Владислав Селезнёв Феодосиядагы аскер комплексинде "толтура орус аскерлери жүрөт" деп билдирди. Москванын аскерлери аталган базага тик учак жана ок өтпөс унаалар менен келген. Селезнёв өзүнүн Фейсбук баракчасында орус аскерлери Украинанын деңиз күчтөрүнүн бир нече кызматкерин колун байлап, базадан тыш чыгарып кеткенин маалымдады. Дем алыш күндөрү орус аскерлери эки украин аскерий объектин басып алышкан. Учурда Крымдагы 189 украин аскерий түзүмү Москванын карамагына өттү.

XS
SM
MD
LG