Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:59

“Жаштар өкмөтү” Кара-Кулжада улак тартыш өткөрөт


Бүгүн “Жаштар өкмөтү” тобунун мүчөлөрү Оштун Кара-Кулжа районунда улак тартыш өткөрөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган топтун лидерлери кабарлашты. Сары-Камыш айылында болуучу мелдешке ат спортунун жергиликтүү ышкыбоздору чакырылган. Иш-чаранын алкагында топ мүчөлөрү уюмдун максаттары тууралуу да жыйын курат.

Оппозициялык маанайдагы “Жаштар өкмөтү” тобу бир айдан бери жер-жерлерде жыйын уюштуруп келүүдө. Топ аймактык бөлүнүүгө жол бербөө максатында түптөлгөнү кабарланган. (SE)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG