Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:12

Украинада ашынган улутчул Музычко өлтүрүлдү


Өткөн түнү Ровно шаарында өлкөнүн "Оң сектор" улутчул кыймылынын жетекчилеринин бири Александр Музычко өлтүрүлдү. Украинанын ички иштер министринин биринчи орун басары Владимир Евдокимов ашынган улутчул аны кармоо учурунда жараат алганын билдирди.

Музычко шаардын кафелеринин биринде "Сокол" тобунун жана Уюшкан кылмыштуулукка каршы департаментинин кызматкерлери тарабынан кармалган. Атайын операция учурунда атышуу тутанып, Музычко набыт кеткен. Анын үч өнөктөшү курал менен кармалган.

Бул айдын башында "Саша Билый" каймана аты менен белгилүү ашынган улутчулга Чеченстанда 1990-жылдардын ортосунда орус аскерлерин өлтүргөн деген шек менен эл аралык издөө жарыяланган.

XS
SM
MD
LG