Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Жантөрө Сатыбалдиев кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазды. Бул тууралуу ал бүгүн өкмөттүн жыйынында билдирип, президентке арыз жазганын айтты.
Жогорку Кеңештеги “Ырыс алды - ынтымак” коалициясы 18-мартта таркаган. Ага “Ата-Мекен” фракциясынын өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев бул кызматты аркалоого моралдык-саясый укугу жок деген жүйө менен чыгып кетиши себеп болгон. Өкмөт отставкага жөнөтүлүп, бирок "милдетин аткаруучу" бойдон убактылуу калтырылган.
Учурда Жогорку Кеңеште жаңы коалиция түзүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. Аны куроо мандатын президент Алмазбек Атамбаев 20-март күнү Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековго тапшырган. Турсунбеков буга чейин “Азаттыкка” коалициянын курамын үч же төрт фракциядан түзүү варианты каралып жатканын билдирген болчу. Бүгүн “Ата Мекен” фракциясы коалицияга кирүү тууралуу чечим кабыл алып, премьер-министрлик кызматка Жоомарт Оторбаевди көрсөткөн.(BkA)