Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:55

Бишкектен Орусияга жаңы авиакаттам ачылат


Борбордогу «Манас» эл аралык аэропортунан Орусиянын мурда каттам жок бир топ шаарларына жаңы рейстер ачылат. «Эйр Кыргызстан» Белгородго майдын аягынан баштап аптасына эки ирет жана Минеральные Воды шаарына июндан тарта жумасына бир жолу каттайт. Аталган рейстер Боинг-737-300 учактары менен аткарылат. Бул тууралуу «Эйр Кыргызстан» авиаишканасы кабарлады.

Аны менен бирге «Пегасус Азия» компаниясы Пермь, Красноярск шаарларына апрелден тарта, “Эйр Бишкек” ишканасы Белгород шаарына май айынан тарта каттай баштайт. Ошондой эле Астрахан, Кишинёв, Томск жана Тюмен шаарларына каттам ачылаары пландалууда.

Учурда Бишкектен жана Оштон Орусиянын 12 калаасына түз рейстер бар. (BAz)

XS
SM
MD
LG