Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:23

Келдибековду тергөө абагында кармоо мөөнөтү узарды


Коррупцияга шектелип кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековдун тергөө абагындагы камак мөөнөтү 27-апрелге чейин узартылды. Мындай чечимди бүгүн Бишкектин Октябрь райондук соту кабыл алды.

УКМКнын тергөө абагында кармалып турган Акматбек Келдибеков ден соолугуна байланыштуу борбордогу №4 ооруканага которулган. Ага 3 ирет операция жасалганы кабарланган.

Акматбек Келдибеков өзүнө карата козголгон кылмыш ишти саясый куугунтук деп атап, тагылган айыптарды четке кагып келет. Келдибековдун тарапкерлери 12-мартта Башкы прокуратуранын алдына митингге чыгып, депутатты үй камагына чыгаруу талабын коюшкан. (BkA)

XS
SM
MD
LG