Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:49

Gallup: Бажы биримдиги боюнча коомдук пикир өзгөрүүдө


Бул тууралуу АКШдагы Эл аралык республикалык институт жана Gallup институту уюштурган сурамжылоо жыйынтыгында айтылат. Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусу боюнча сурамжылоого катышкандардын 26 пайызы аны колдосо, 21 пайызы каршы пикирин билдирген. Мындай иликтөө былтыр да жүргүзүлгөн. Анда Бажы биримдигине кошулууну колдогондор 33, жарым-жартылай макул болгондор 29, ал эми каршылар 10 пайызды түзгөн.

Социологиялык изилдөөгө 1,5 миң адам катышып, ал 4-21-феврал аралыгында жүргүзүлгөн. Сурамжылоодо ошондой эле Манастагы Транзиттик жүк ташуу борбору, Орусиянын Канттагы аскер базасы жана башка саясый, экономикалык, социалдык багыттагы суроолор камтылган. (ZB/BkA)

XS
SM
MD
LG