Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:47

ЖТР жетекчисинин ишмердүүлүгү текшерилүүдө


Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясы облустук телерадиокомпаниянын жетекчиси Куттумидин Базаркуловдун ишмердүүлүгүн текшере баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” ЖТРдин кесиптик кошуун уюмунан кабарлашты.

Базаркуловдун үстүнөн телекомпаниянын эки кызматкери облустук бийликке арыз жолдогон. Алар жетекчини кызматкерлерге тең мамиле жасабай, бөлөт деп айтышкан. Мунун негизинде облустук бийлик атайын комиссия түзүп текшерүүнү баштады.

Куттумидин Базаркулов бул боюнча комментарий берүүнү каалаган жок. Ал эми ЖТРдин кесиптик кошуун уюму түзүлгөн кырдаалды “жетекчиликке бут тосуу” деп баалады.

Базаркулов 2010-жылдан бери облустук телерадиокомпанияны башкарып келет. (SE)

XS
SM
MD
LG