Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:06

Саакашвилинин тарапкерлери менен оппоненттери кагылышты


Тбилисиде Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвилинин тарапкерлери менен каршылаштары кагыша кетти. Өткөн ноябрда кызмат мөөнөтү аяктаган Саакашвили 22-мартта бир нече иш боюнча күбө катары Башкы прокуратурага чакыртылган. Азыр АКШда жүргөн экс-президент суракка барбасын айтууда.

Башкы прокуратуранын алдына чогулган анын колдоочулары “Мен - Миша, мени суракка тарткыла!” деген плакаттарды көтөрүп турду. Оппоненттери болсо ал акцияны үзгүлтүккө учуратууга аракеттенди. Майда кагылыштардан кийин полиция кийлигишүүгө аргасыз болду.

XS
SM
MD
LG