Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:34

Ош: “Улуттар биримдиги” сессияга катышпаган себебин түшүндүрдү


“Улуттар биримдиги” фракциясынын башчысы Рысбек Мирзаматовдун билдиришинче, алар шаардык кеңештеги коалициянын көпүрө куруу боюнча өз долбоорун өткөрүү аракетине каршылык катарында кечээ күнкү сессияга катышуудан баш тарткан.

- Фракция толугу менен көпчүлүк коалиция сунуштаган көпүрөнүн долбоорлоруна каршы чыгып, жыйындан баш тартуу чечимине келгенбиз. Бирок эки депутатыбызды ар кандай кысым менен сессияга катыштырышканы бизге маалым, - дейт Мирзаматов.

Оппозициялык фракциянын башчысынын айтымында, азыркы шаар бийлиги мурдагы мэр Мелис Мырзакматовдун көпүрө куруу боюнча долбоорун четке кагып, өздөрү талапка жооп бербей турган, арзан көпүрөнүн долбоорун кабыл алууга жан үрөп жатат.

Бейшембиде Ошто шаардык кеңештин сессиясына оппозициялык «Улуттар биримдиги» фракциясынан эки гана депутат катышып, калган 19 депутат келбей койгон эле. Шаардык кеңештин төрагасы Улан Примов депутаттар жыйынга себепсиз төрт жолу катышпаса, аларга чара көрүлөөрүн эскерткен.

Буга чейин мурдагы мэр Мелис Мырзакматов баштаган көпүрөнүн курулушу боюнча Ош шаардык прокуратурасы эки кылмыш иш козгогон. Тендерге катышкан кытайлык 3 компаниянын биринин да лицензиясы жок экени айтылган.

“Улуттар биримдиги” мунун баарын Мырзакматовго карата саясий куугунтук деп баалап, көпүрө экс-мэрдин долбоору менен курулуш керектигин айтып келет.(JAk)

XS
SM
MD
LG