Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:52

Ооганстан: шайлоо өнөктүгү маалында 10 адам тепсендиде калды


Абдулла Абдулланын Парван провинциясындагы шайлоо өнөктүгү, 20-март, 2014
Абдулла Абдулланын Парван провинциясындагы шайлоо өнөктүгү, 20-март, 2014
Расмий бийликтегилер Мазари-Шариф шаарында болгон бүгүнкү окуяда көз жумгандар болбогонун айтышты. Анткен менен окуя маалында ошол жерде болгон айрым күбөлөр “Азаттыкка” сүйлөп, президенттикке талапкер Абдулла Абдулланын өнөктүгүндөгү кырсыкта үч адам набыт болгонун айтышты.

Биздин ооган кызматыбыздан кабарлашкандай, жүздөгөн эл Абдулланын колун кысыш үчүн трибунага аттанганда сахна сынып кеткен. Талапкер өзү жана анын айланасындагы адамдар окуядан жабыркаган эмес.

Мурдагы тышкы иштер министри Абдулланы азыр 5-апрелде өтө турган шайлоодо президенттикке негизги талапкер катары аташууда. Жалпысынан шайлоого 11 талапкер катталган болчу, бирок алардын үчөө таймаштан чыгып кетишти.

XS
SM
MD
LG