Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:56

Транспорт министрлиги айдоочулардын талабын аткаруу аракетинде


Бишкекте бир нече жолу нааразылык акциясын өткөргөн айдоочулардын талаптарын аткаруу аракети көрүлө баштаганын "Азаттыкка" Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, буга чейин айдоочулар министрликке кыргыз-кытай чек арасындагы “Топо” өткөрмө пунктуна диспетчердик түйүн ачуу, Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы “Туз-Бел” пунктун электрлештирүү сыяктуу талаптарды койгон. Министрлик бул талаптарды аткаруу үчүн Кытай тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Министрлик мындан сырткары айдоочулар министрди кетирүү талабы менен чыгышына кайсы бир күчтөр түрткү болууда деп эсептейт.

Ушул жумада айдоочулар Транспорт жана коммуникация министрлигине кесипкөй жетекчини дайындоо талабы менен эки ирет митинг өткөргөн. Митингчилердин жүйөсүндө, учурдагы министрдин милдетин аткаруучу Калыкбек Султанов өз ишин жөндөй албай, тармактагы көйгөйлөрдү чече албай жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG