Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:57

Ооганстанда шайлоо комиссиясынын кеңсесине кол салынды


Полициянын билдиргенине караганда, Ооганстандын Көз карандысыз шайлоо комиссиясынын кеңсесин үч-төрт куралчан жакын аралыктагы имараттан аткылоого киришкен. Кабулдун полиция башчысы Мохаммед Захир окуя тууралуу буларды айтты:

- Террорчулардын тобу Көз карандысыз шайлоо комиссиясынан 800 метрдей аралыктагы имаратка кирип алышкан. Уруш али уланууда. Операцияны Кабул полициясынын кризистик тобу жетектөөдө. Кудай буюруса жакын арада коркунучуту жойобуз.

Кол салуудан кандай чыгым болгону же канча киши жабыр тартканы белгисиз. “Франс Пресс” агенттиги бул үчүн Талибан жоопкерчилик алганын кабарлады.

Шайлоо комиссиясынын имараты президенттик шайлоодон бир апта алдыда аткыланып олтурат. Жума күнү эле талибдер Кабулдагы конок үйгө кол салганда, эки киши мерт болуп, төрт киши жаракат алган.

Коопсуздук күчтөрү кол салган беш согушкерди жок кылууга үлгүрүшкөн.
Ал конок үйдү АКШнын ЮСАИД агенттиги каржылаган бейөкмөт уюм кеңсе катары да пайдаланчу. (UE)

XS
SM
MD
LG