Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:25

Ооганстанда шайлоо комиссиясына кол салгандар жок кылынды


Атышуу болгон жер. Кабул, 29-март, 2014-жыл.
Атышуу болгон жер. Кабул, 29-март, 2014-жыл.
Коопсуздук күчтөрүнүн согушкерлер менен Кабулдагы урушу бир нече саатка созулду. Натыйжада беш согушкер жок кылынып, полициянын эки өкүлү жаракат алды.

Кабулдун полициясынан билдиришкендей, Оогаанстандын Көз карандысыз шайлоо комиссиясынын кеңсесин куралчандар жакынкы аралыктагы имаратка кирип алып, гранатомет жана пулемет менен аткылашкан. Кол салуу үчүн Талибан жоопкерчилик алды.

Шайлоо комиссиясынын имараты президенттик шайлоодон бир апта алдыда аткыланып олтурат.

Жума күнү эле талибдер Кабулдагы конок үйгө кол салганда, эки киши мерт болуп, төрт киши жаракат алган.

Коопсуздук күчтөрү кол салган беш согушкерди жок кылууга үлгүрүшкөн.

Ал конок үйдү АКШнын ЮСАИД агенттиги каржылаган бейөкмөт уюм кеңсе катары да пайдаланчы. (UE)

XS
SM
MD
LG