Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:50

Саруулуктар кайрадан митингге чыкты


Саруудагы жол тосуу, 4-февраль, 2014.
Саруудагы жол тосуу, 4-февраль, 2014.
Саруу айылынын тургундары бүгүн Жети-Өгүз районунун борбору Кызыл-Суу айылында “Кумтөр” алтын кенин улутташтыруу талабы менен митинг уюштурду. Нараазы болгондор менен район акими Калыс Жудеев жолугушту. Бул тууралуу "Азаттыкка" митингди уюштуруучулардын бири Кайрат Качаганов билдирди.
Анын айтымында, митингге 500дөн ашуун киши катышты.

Ошол эле учурда Жети-Өгүз районунун акими Калыс Жудеев “Азаттыкка” нараазы болуп келгендердин саны эки жүздүн тегерегинде болгонун белгиледи. Акимдин айтуусунда, саруулуктар Кумтөр боюнча келишимге каршы экенин, кенди иштетүүдөгү экологиялык аспектилер тууралуу пикирлерин билдирген. Аким ошондой эле нараазы болгондорду коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев коштоп жүргөнүн маалымдады.

Нараазы болгондор түштөн кийин Саруу айылына келип, кайрадан жыйын куруууда. Уюштуруучулардын бири Кайрат Качаганов ушул тапта жыйын уланып жатканын жана саруулуктардын дүйшөмбү күнү Бишкекте өтө турган оппозиция курултайына катышуусу да чечилип жатканын билдирди.

Саруу айылынын айрым тургундары “Кумтөр” алтын кенин улутташтыруу талабы менен өткөн жылдын май айынан бери түрдүү нааразылык акцияларын өткөрүп келе жатат. (SA/JAk)

XS
SM
MD
LG