Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:08

Ар бир ташы ыйык Мекеним...


Нурсултан Калилов
Нурсултан Калилов
Мекен... Адам баласы канчалык бийиктиктерди багынтып атак-даңкка жетсе да, жер кыдырып тентип кетсе да, Мекенге болгон тартылуусу, ага болгон сагынычы, кусалыгы эч качан жоголбойт... Мекен - бул адам баласынын алгачкы кадамын шилтеп аттанаар да, акыры барып акыркы дем менен жыгылаар да жери. Жашоонун башаты жана аягы...

Менин туулуп өскөн кичи мекеним - Баткенде акыркы мезгилдерде чек ара чатактарынын аягы басылбай келет. Кошунлардын чек арадагы мамилелерин биздин эгемендигибизди сыйлабагандыгы катары кабылдоого толук мүмкүн. Бул чатактар менин жүрөгүмө кадимкидей уюп келет. Талашка түшүп жаткан жер-суулар менин балалыгым менен кадимкидей чырмалышкан. Ал дөңсөөлөрдө айылдагы курбуларым менен оюндун кызыгына батып, ылдыйда агып жаткан сууга түшүп жыргаар элек. Ошол жерлерди эми башка бирөөлөргө тарттырып койуу мен үчүн балалыгымды тарттырууга, аны менен кошо намысты алдырып койууга тете өтө чоң жоготуу...

Баткен облус болуп түзүлгөнүнө 15 жылга чамалап баратса да, борбордук жана жергиликтүү бийликтин кайдыгерлигинен эң көйгөйлүү маселелер чечилбей калып жаткандыгы абдан өкүнүчтүү. "Мекен - чек арадан башталат" демекчи, Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн далилдеген чек ара тилкелери басымдуу жерлерде дале тактала элек. Көпчүлүк айылдарда жашоонун негизи болгон таза жана сугат суу маселери чечилген эмес. Жаш балдардын "бактылуу балалыгын" камсыздаган бала бакчалары жетишсиз. Жаштардын сергек жашоосу үчүн чоң спорттук комплекстер курулбай келет. Эң негизгиси жумуш орундары жокко эсе, болсо да айлык маяна аз болгондуктан борборго жана чет мамлекетке болгон агым дале болсо күчүндө. Анын негизинде мектептерде, ооруканаларда мыкты кадрлардын жетишсиздиги пайда болуп, аймакта билим деңгээлинин төмөндөшүн шарттап жатат. Бул маселерди жөнгө салуу үчүн чек арадагы аймактарга "өзгөчө мамиле" кылуу боюнча мыйзамдар каралганы менен, иш жүзүндө аткарылбай келет.

Баткендеги бул кырдаалды жөнгө салуу чек ара тилкесин чийип, ал жерге мамыларды орнотуп, зым тартып койуу менен чечилбейт. Негизгиси ал жердеги элдин агылуусун токтотуу керек. Ал үчүн өлкө бийлиги облус жетекчилерин атайын критерийлер менен тандап, жергиликтүү калкка жашоо үчүн керек болгон негизги шарттарды түзүүдөн баштоого тийиш: таза суу, сугат суу жеткирүү; бир катар салыктардан бошотуу; электрэнергиядан жеңилдик берүү; пенсияга чыгууга эртерээк уруксат берүү; чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө атайын шарттарды кароо; ал жерде кызмат кылган аскер адамдарынын санын жана айлык маяналарын көбөйтүү ж. б.

Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов: "Мекенди алып кетүүгө болбойт, болгону кусалыгын гана алып кетүүгө болот. Эгерде мекенди кап сыяктуу ташып жүрүүгө болгондо, анда анын кадыры түккө да турбайт болчу", - деп таамай баа берген. Дал ошол мекендин нанын жеп, суусун ичип, абасын жутуп чоңойгондон кийин, ал жердин түйшүгүн кошо тартып, жаркын келечеги үчүн болгон күрөшүбүздү уланта бермекчибиз. Бабалардан мураска калган кыргыздын ар бир чарчы метри үчүн күрөшүү дале болсо мойнубуздагы чоң милдет бойдон кала бермекчи...

Нурсултан КАЛИЛОВ, "Мекеним Баткен" жаштар коомдук бирикмесинин төрагасы, студент
XS
SM
MD
LG