Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

Lufthansa иш таштоо айынан 3800 рейсин токтотту


Германиядагы Lufthansa аба жолдор компаниясы учкучтардын ушул аптага белгиленген үч күндүк иш таштоосуна байланыштуу 3800ге жакын рейстен баш тартканын кабарлады.

Пилоттордун укугун коргогон профсоюздар кошууну жетекчилик менен айлык акынын айынан узактан берки талашып келатат. Lufthansa бул иш таштоодон компания ондогон миллион евро чыгым тартарын билдирди.

2010-жылкы бир күндүк иш таштоонун айынан ишкана 2000ге жакын рейсинен баш тартууга аргасыз болуп, чыгашасы жалпысынан 48 млн.евро болгон.

XS
SM
MD
LG