Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:02

Ооганстанда талапкерлер теледебатты токтотушту


Алар мындай кадамын Кабулда коопсуздук маселеси курчуп кетиши менен байланыштырган. Шейшемби жана шаршемби күндөрү "Ооганстан Азаттык" радиосу жана "Ариана ТВ" президенттикке негизги талапкерлер Абдулла Абдулла, Ашрав Гани жана Залмай Расулдун катышуусу менен теледебат уюштуруп жатышкан. Бирок дүйшөмбү күнү талапкерлердин штабынан талапкерлер теледебатка келбей турганын маалымдашкан.

5-апрелге белгиленген шайлоонун алдында Ооганстанда кырдаал курчуп, Кабулда бир катар кандуу чабуулдар жасалды. Талиптер шайлоону үзгүлтүккө учуратарын буга чейин билдиришкен. (AiT)

XS
SM
MD
LG