Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:20

Нарында айдоочулар пикетке чыкты


Нарында бүгүн айдоочулар нааразылык акциясына чыкты. Шаарда жүргүнчү ташыган маршруттук унаанын айдоочулары 4 саатка ишин токтотуп, шаардын “Москва” аймагына чогулушту. Алар жол кирени дагы 5 сомго жогорулатып берүүнү мэриядан талап кылышты.

Айдоочулар буга чейин 5 сомдон иштеп келген болсо, эми 10 сом кылып көтөрүү жөнүндөгү сунушун мэрияга 5 ай мурун жөнөткөн. Бирок али күнчө жооп жок болуп жатканына нааразы айдоочулар бүгүн пикетке чыкты.

Чогулган 40тай айдоочуга Нарын шаарынын вице-мэри Алмаз Суранов келип, 3-апрелде шаардык кеңеште аталган маселе каралаарын убада кылды.

Жалпы Нарын шаарын 100гө чукул маршруттук унаа тейлейт. (TSh)

XS
SM
MD
LG