Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:53

Жогорку Сот төрайымы Гаагадагы укуктук конференцияга катышат


Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева Гаага шаарында өтүүчү мыйзамдын үстөмдүгүн өркүндөтүүгө арналган конференцияга катышат. Иш-чара 2-апрелде өтөт.

Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, төрайымды Укукту өнүктүрүү боюнча эл аралык уюмдун башкы директору Айрин Хан чакырган.

Конференцияда тынчтык орнотуу жана укуктун үстөмдүгү, гендердик теңчилик, сот адилеттиги боюнча талкуу болот.

Гаага шаарында БУУнун эл аралык соту, Эл аралык кылмыш соту, эл аралык арбитраждык сот жайгашкан. (SE)

XS
SM
MD
LG