Линктер

шейшемби, 27-июнь, 2017 Бишкек убактысы 09:56

Палестина боюнча тынчтык сүйлөшүүсүнүн келечегине үмүт үзүүгө эртелик кылат


Мындай пикирин Израил менен Палестинанын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келаткан Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Жон Керри шейшемби күнү билдирди. Анын айтымында, палестин бийлигинин башчысы Махмуд Аббас айдын аягына чейин тынчтык сүйлөшүүнү улантууга макулдугун берген. Бирок Израил палестин жарандарын абактан бошотпогону үчүн Палестин президенти Махмуд Аббас Бириккен улуттар уюмунун ондон ашуун конвенциясына кол коюп, АКШ жана Израилдин бийлигине каршы чакырык таштады. Натыйжада Керри Жакынкы Чыгыш регионуна сапарын токтотуп койду. (AiT)

XS
SM
MD
LG