Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:50

НАТО Орусия менен жарандык жана аскердик кызматташууларды токтотту


Мындай чечим Москва тарабынан Крымдын аннексияланышына байланыштуу кабыл алынды. Брюсселде шейшемби күнү жыйын курган НАТОго кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери "бирок, Москва менен саясий диалог уланат" деп белгилешти.

Украина менен кызматташуулар күчөтүлүп, анын куралдуу күчтөрүн реформалоого жардам берилет деди НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен:

- Бүгүн биз Украинаны колдоону улантууну макулдаштык. Биз Украинанын куралдуу күчтөрү кесипкөй жана натыйжалуу болушу үчүн аскердик реформаларды колдоону активдештиребиз. Ошондой эле маанилүү инфраструктураларды коргоо боюнча сунуштарыбызды беребиз.

Расмуссен Украинадагы кризис Европада жаңы бөлүнүү сызыгын пайда кылат деп, Орусия Украинага жакын жерлерден аскерлерин чыгарганы боюнча маалыматы жок экенин кошумчалады. (AiT)

XS
SM
MD
LG