Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:17

Милиция менен мушташкандарга олуттуу чара көрүлбөйт


Бишкекте 30-мартта катталган Жол кайгуул кызматы өкүлдөрү менен айдоочулар ортосундагы мушташ боюнча олуттуу чара көрүлбөйт. Айдоочулар жол эрежесин бузганы үчүн гана айыппул төлөйт. Анткени Кыргызстандын "Кылмыш-жаза кодексинде" машинени атайын жарышка чыгып ызгытып айдагандар үчүн чара көрсөтүлгөн эмес. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жол кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Тилек Оторов билдирди.

Айдоочулар менен милиция ортосундагы мушташ тартылган тасма дүйшөмбүдө интернетке тараган. Чатак Түштүк магистралда машинени ызгытып айдагандарды инспектор токтотуп айып аянтына алып баратканда чыккан. (SE)

XS
SM
MD
LG