Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:53

Кыргызстан башка өлкөлөрдүн диний тажрыйбасын изилдөөдө


“Жалпы кызыкчылыктарды издөө” (Search for Common Ground) эл аралык уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жана Улуу Британия элчилигинин колдоосу менен Бишкекте бир катар мамлекеттердин диний тажрыйбасын изилдеген конференция өтүүдө. Ага Орусия, Түркия, Индонезия, Пакистан жана Израилден атайын диний өкүлдөр, эксперттер жана депутаттар чакырылган.

Аталган конференциянын максаты Кыргызстандагы дин менен мамлекеттин өз ара мамилесинин жаңы концепциясын иштеп чыгып жаткан жумушчу топко жардам көрсөтүү болуп эсептелет.

Талкууга муфтияттын кызматкерлери, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардагы теология факультеттеринин окутуучулары да чакырылган.

Конференция 5-апрелге чейин уланат.

Быйыл 3-февралда Кыргызстандын Коргоо кеңеши диний кырдаалды талкуулап, жаңы концепция иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзгөн болчу. (ZB)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG